Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин коёт


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 2017-жылы өтө турган шайлоодо Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коёт. Ал жетектеген Кыргызстан демократиялык кыймылы 21-декабрда Бишкекте өткөргөн конференцияда ушундай чечим кабыл алды. Акун бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлап, жыйынга катышкан 70тен ашуун адамдын 68и аны мамлекет башчылыкка ылайыктуу талапкер деп тандашканын билдирди.

Мамлекет эгемендикке жетишкенден кийин түзүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылы учурда катарына жаштарды тартуу аракетин көрүүдө. Жалпысынан 2447 мүчөсү бар.

Кыймыл быйыл 26 жылдыгын белгилеп жатат. Бул уюм кезинде чоң саясий кыймыл катары жаңылануулардын башында турган. Үч жылдан кийин партия түзүлүп, кыймыл жоюлган. Быйыл кайрадан кыймыл катары ишин жанданткан. (SE)

XS
SM
MD
LG