Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Токтогул ГЭСинин кабелдери январда оңдолуп бүтөт


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Бул тууралуу "Электрстанциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Толубаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Токтогул ГЭСиндеги экинчи агрегаттын иштен чыккан кабелдерин оңдоо иштери 15-январга чейин аяктайт деп божомолдонууда:

- Буйруса 20-25 күн ичинде бүтөбүз деп атабыз. Былтыр да ушул агрегат убактылуу токтоп калган. Авария ушул кабелдин башка жеринде болгон. Кабель 42 жылдан бери иштеп атат. Азыр адистер оңдоо иштерин улантып жатышат.

ГЭСте кабель линиясы жарактан чыгып, 15-декабрдын түнү бир агрегат токтоп калган. Бирок, маалымат 21-декабрда гана ачыкка чыкты. Былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон болчу. Быйыл 15-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатынын кабелдерин оңдоо үчүн Орусиядан да адистер чакырылды. (NT)

XS
SM
MD
LG