Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:17

БУУнун Башкы ассамблеясы шаршембиде Сирия чатагындагы аскер кылмыштарын иликтей турган атайын топ түздү. Ал чогулткан маалыматтар кийин Эл аралык кылмыш сотунда кароого негиз болушу ыктымал.

Тиешелүү резолюцияны АКШ, Британия, Франция, Сауд Арабиясы жана Түркия баштаган 105 өлкө колдоого алды. Орусия, Кытай жана Иран сыяктуу 15 мамлекет каршы чыгышты. 52 өлкө бир тарапка добуш берүүдөн карманды.

Лихтенштейдин элчиси Кристина Венавейзердин айтуусунда, Ассамблеянын бул чечими Сирияда аскер кылмышына шектүүлөрдү жоопко тартпаган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аракетсиздигине жооп катары кабыл алынды.

Орусия Башкы Ассамблеяны Коопсуздук кеңешинин ишине кийлигишип жатат деп айыптады. Кытай өлкөнүн эгемендигин сыйлоого чакырды.

2014-жылы Кытай менен Орусия Коопсуздук Кеңешинин Сирия чатагы учурундагы аскер кылмыштарын иликтөөгө Эл аралык кылмыш сотун тартуу аракетин четке кагышкан.

БУУнун баш катчысы үч жума ичинде иликтөө тобун уюштурушу керек.

XS
SM
MD
LG