Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Акыйкатчы кордолгон эки кыздын ишин көзөмөлүнө алат


Чүй облусунда 7 жана 11 жаштагы эки секелек кызды өз атасы зордуктап жүргөнү ачыкка чыкканын Акыйкатчы институту кабарлаган. Маалыматка караганда, 6-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бул кабарды териштирүүнү акыйкатчыга сунуштаган.

Шектүү 4-ноябрда кармалып, азыр Бишкектеги тергөө абагында кармалууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кыздар милицияга зордукталганын айтып беришкен. Кыздардын улуусу атасынан бир нече жолу кордук көргөнүн, муну чогуу жашаган чоң энеси биле турганын айткан. Туугандарынын билдиришинче, кыздардын энеси үч баласын кайненесине калтырып кеткен, анын кайда экени белгисиз. Акыйкатчы бул ишти өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG