Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Ирандын президенти Бишкекке келди


Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Жогорку мартабалуу конокту бүгүн кечке жуук Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев салтанаттуу тосуп алды.

Эки өлкө жетекчилери 23-декабрда мамлекеттик резиденцияда жолугушуу өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдүн негизин эки тараптуу экономикалык жана башка кызматташтык маселеси түзөт. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы аймактык жана эл аралык маанидеги маселелер талкууланарын билдирди.

Бир күндүк сапар алкагында Роухани эртең түштөн кийин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен "Хаят" мейманканасында жолугушат. Андан соң Кыргызстан-Иран бизнес форумуна катышат.

Роухани буга чейин 2015-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген. Атамбаев Тегеранга былтыр сентябрда расмий сапар жасаган. (SE)

XS
SM
MD
LG