Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Депутаттык комиссия: Матрезервдер фондуна чара көрүлсүн


Курттаган ун
Курттаган ун

Курттаган ундун социалдык мекемелерге таратылышын иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 22-декабрда корутундусун жарыялады. Комиссия төрагасы, “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Жыргалбек Турускулов​ бул маселеге байланыштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасына, лаборатория башчысына, борбордук кампанын жетекчисине жана башка тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлсүн деген тыянак чыгарылганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган фонд социалдык мекемелерге тараткан жана кампада сакталган унда курт бар экени, анын сакталышы талапка жооп бербегени аныкталды:

- Эми мекемеге 10 күн ичинде бузулган ундун баарын жок кылып отчет берсин, Эсеп палатасы эки ай аралыгында каржы жагын текшерсин, Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүү жүргүзүп, отчет берсин деген талап айттык. Элге кыянатчылык кылган, саламаттыгына кайдыгер караган, коррупцияга аралашкан адамдар өкмөттө бир күн да турбашы керек. Ыплас иштери далилденсе жоопкерчиликке тартуу зарыл.

Турускулов күзүндө Мамлекеттик материалдык резервдер фонду курттаган унду социалдык мекемелерге сатып жатканын айтып чыккан. Муну иликтөө үчүн октябрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Маселе ноябрда парламентте да көтөрүлүп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бузулган ун лицей, балдар үйү, абактарга сатылып, таратылганын моюнга алган. Материалдык резервдер фондунун жетекчилиги өз дарегине айтылгандарды четке каккан. Окуянын чоо-жайын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG