Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Орусия спорттун эки түрүнөн Кубок өткөрүү укугунан ажырады


Орусия спорттун кышкы түрү боюнча эки эл аралык чемпиондук өткөрүү укугунан ажырады. Буга өлкөнүн көп спортчуларынан кызытма табылып, чууга айланганы негиз болду.

22-декабрда Эл аралык биатлон бирикмеси өспүрүмдөр арасында Тюменде өтө турган таймаштарды башка жакка көчүрүү тууралуу чечим кабыл алынганын айтты.

Эл аралык көркөм муз тебүү бирикмеси да Челябинск шаарына белгиленген дүйнөлүк кубокту өткөрүүгө башка жер изделип жатканын маалымдады.

Азырынча мелдештер каерде өтөрү анык эмес.

Ушундай эле чечимдерди мурдарак башка спорттук оюндар бирикмелери да кабыл алышкан. Быйыл жайкы олимпиада алдында орусиялык бир катар спортчулардан кызытма табылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG