Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Атамбаев: Өзбекстан менен чектөөлөрдү алууга мезгил келди


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандагы иш сапары учурунда билдирди. Ал өзбек лидери Шавкат Мирзиёевге сапар менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Көз карандысыздык үчүн күрөштүн убагы бүткөнүн, эми экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөр менен маанисиз тоскоолдуктарды алуу керектигин айтты. Ошондой эле эки элдин илгери жалпы мамлекети - Кокон хандыгы болгонун, ортодо чек ара жок болгонун эске салды:

- Адамдар чек араларды сезбеши үчүн биз баарын жасашыбыз керек.

Президент бүгүнкү жолугушууну жакшы белги деп атады. 20 жыл илгери дал ушул күнү Ташкентте Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салып, бул күнү кызматташтыктын жаңы барагы ачылып жатканын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапар менен бүгүн барган. (NT)

XS
SM
MD
LG