Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Израиль БУУ менен мамилесин карап чыгышы мүмкүн


Бинямин Нетаняху
Бинямин Нетаняху

Израиль мындай чечимди БУУнун коопсуздук кеңеши жөөт кыштактарын кеңейтүүнү токтотууну талап кылган резолюция кабыл алгандан кийин кабыл алды.

Өлкө премьер-министри Бинямин Нетаняху Израиль БУУнун беш түзүмүнө акча төлөбөй турганын билдирди. Ал кайсы башкармалыктарга төлөм берилбей турганын так айткан жок, бирок алар Израилге өзгөчө "кастык" маанайда экенин белгиледи.

Нетаняху БУУнун Коопсуздук кеңешинде добуш берүүдөн карманган АКШнын позициясын кескин сынга алды.

Коопсуздук кеңеш 23-декабрда "Палестина аймагында, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде жөөт кыштактарын курууну тез арада жана толук токтотууну" талап кылган резолюция кабыл алган. Документти кеңешке мүчө 15 мамлекеттин 14ү колдоп, АКШ добуш берүүдөн карманган болчу.

Улуттар Уюмунун жөөт конуштарына байланышкан алгачкы резолюциясы 1979-жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG