Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:44

Алмазбек Атамбаев Сочидеги учак кырсыгына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Атамбаев жиберген телеграммада "Көптөгөн адам курмандыктарына алып келген кырсыкта жакындарын жоготкондорго Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", - деп айтылат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

25-декабрда таң эрте Сочи жээктеринде Орусиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы кыйрады. Анын калдыктары бир жарым чакырым алыстыкта табылганын "Интерфакс" агенттиги өлкөнүн маалымат жана жалпы коммуникация департаментине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учак 25-декабрда таң эрте Адлер шаарындагы аэродромдон көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Анын бортунда 83 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Арасында орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери, онго чукул журналист бар болчу.

XS
SM
MD
LG