Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

БШК 15 шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын бекитти


Шайлоо.
Шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы 237 айылдык кеңеш жана 15 шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору каралып, бекитилди.

Анын жыйынтыгында 11 шаардык кеңешке эң көп добуш менен бийликтеги Социал-демократиялык партия алдыңкы орунду ээледи. Ошондой эле “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Бир бол”, “Жаңы доор” партияларынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланды.

Ал эми калган 174 айылдык кеңеш жана 7 шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы бүгүн бекитилери күтүлүүдө.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG