"Сентябрь" телеканалынын тандоосу менен "Азаттык" радиосунун кабарчысы Руслан Калматов "2016-жылдын мыкты журналисти" деп табылып, диплом менен сыйланды. 30дан ашык багыт боюнча тандалып алынган мыктыларга сыйлыктар 25-декабрда Жалал-Абад шаарында тапшырылды. Руслан Калматов 2010-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика адистигин аяктаган.
2014-жылдан бери "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы болуп иштеп, аймактагы бардык көйгөйлөрдү, жетишкендиктерди чагылдырып келет. Быйыл ал облустук Журналисттер бирлигинин төрагасы болуп шайланган.