Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маалыматына жооп кайтарды. Аталган мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” берген маегинде “Альфа Телекомдун” айланасында жүрүп жаткан текшерүү Текебаевге оор тийиши мүмкүн экенин билдирди:
- “Ата Мекендин” жетекчилигинде истерикалык көрүнүштөр орун алганын байкап турабыз. Учурда “Мегаком” боюнча 2010-2012-жылдарга бардык коррупциялык көрүнүштөрдү текшерүү жүрүп жатат. Ушул иштер жана алдыда ачыкка чыкчу маалыматтар “Ата Мекендин” лидеринин оор реакциясын жаратып жатат окшойт.
Буга чейин Өмүрбек Текебаев Белизден УКМК маалыматын төгүндөгөн расмий документтер келгенин айтып чыккан. Текебаевдин ырасташынча, алар "Balderamos Arthurs LLP" аттуу атайын юридикалык фирма жалдап, алар “Белизгейттин” айланасындагы абалды иликтеген. Анын жыйынтыгында буга чейин УКМК жарыялаган документтердин жасалма экени аныкталганы айтылган.
Буга байланыштуу “атамекенчилер” УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылышкан.
Өткөн айда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча үч “атамекенчи” депутат мындан төрт жыл мурун “Альфа телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. (BkA)