Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Савченко РУНА деген жарандык кыймыл түздү


Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко
Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, мурдагы учкуч Надежда Савченко РУНА деген аталыштагы жаңы жарандык платформа негиздеди. Бул тууралуу 27-декабрда Львов шаарында өткөргөн маалымат жыйында өзү билдирди. РУНА - Украин элинин руху деп чечмеленет.

Савченконун айтымында РУНА саясий долбоор же партия эмес. Ал кыймылдын концепциясы менен тааныштырып жатып анын башкы максаттарынын бири “олигархтар менен байланышы жок жаңы украин элитасын түзүү” экенин айтты.

Савченко өз алдынча республика жарыялап алган Донецк жана Луганск облустарынын жетекчилери менен сүйлөшүүгө барганы үчүн "Батькивщина" партиясы декабрдын башында аны өз курамынан чыгарып салган.

Ушул жылдын март айында Орусиянын соту Надежда Савченкону эки журналисттин өлүмүнө катышкан жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыптап, 22 жылга эркинен ажыраткан. 25-майда эки өлкө ортосундагы туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүдөн кийин Владимир Путин ырайым берип Савченко мекенине кайтып келген.

XS
SM
MD
LG