Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Сузак: шайлоо операторлору аз акча алдык деп нааразы болууда


11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум маалында райондогу добушканаларда иштеген операторлор келишим боюнча түзүлгөн акчаны толук албай калганын "Азаттык" радиосуна билдиришти. Алардын айтуусунда, эмгек акы катары 4700-4800 сом берилген, бирок келишимге 5087 сом берилет деген кол коюлган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак районундагы өкүлү Түгөй Чикиев бардык операторлордун тизмесин жана алардын акчасын акимчиликтин эсеп бөлүмүнө которуп бергенин, операторлордун нааразылыгын тактай турганын кабарлады.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо учурунда иштеген ар бир операторго 6200 сом чегерген. Ал сумма салыктарды эсепке алганда 5087 сомду түзөт. Шайлоо жана референдум учурунда Кыргызстан боюнча 2 миң 381 шайлоо участкасында 9 миң оператор иштеди. Буга чейин Бишкекте оператор болуп иштеген айрым жарандар мурда убада берилгенден аз акча алып калганын айтышкан. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG