2016-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджет 17 миллиард 517 миллион сом тартыштыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11 айда республикалык бюджеттин чыгашасы 119 миллиард 28,7 миллион сомду түздү. Киреше 101 миллиард 517,4 миллион сом болгон.
Буга чейин өкмөт 2017-жылга бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомду түзөрүн, бул ички дүӊ продуктуга карата 4,7 пайыз болору болжолдонуп жатканын кабарлаган эле.