Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Бабанов: БШК расмий сайтын оңдошу керек


Жергиликтүү кеңештин депутаттарына үч миллион сомго төш белгилерди сатып алгандын ордуна БШК расмий сайтын оңдошу керек. Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, шайлоо комиссиясынын сайтынын техникалык сапатынын начардыгы ар кандай шектенүүлөргө себеп болуп жатат:

- БШКнын сайты шайлоо күнү эң керектүү учурда иштебей калды. Айрыкча кечки саат ондон кийин таптакыр үзгүлтүккө учураганын белгилеп коюш керек. Мындан улам жарандарда шайлоонун жыйынтыгы боюнча шектенүү жаралды.

Ошондой эле депутат жарандардын ишенимине кирүү үчүн ар бир шайлоо участкасында добуштардын жыйынтыгы илиниши керектигин айтып, буга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатканын кошумчалады. Ага ылайык, шайлоо болору тууралуу жарыя 100 күн мурун жарыяланып, шайлоочулардын тизмеги 30 күн калганда илиниши абзел. Бул тизме толугу менен Мамлекеттик каттоо кызматынан БШКга өткөрүлүп бериши кажет.

Буга чейин БШК жергиликтүү кеңештерге шайлана турган депутаттардын алтындын буусуна кармалган төш белгисине жана күбөлүктөрүн жасатууга бюджеттен 6 миллион 300 миң сом сарптары белгилүү болгон. (SDz/BkA)

XS
SM
MD
LG