Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

"Азаттыктын" каарманы “Даңк” медалы менен сыйланды


Сыйлангандардын бири Рахат Үсөнкожоев.
Сыйлангандардын бири Рахат Үсөнкожоев.

Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген үч адам “Даңк” медалы менен сыйланды.

Турсунбек Абдылдаевди, Адина Самыйбек кызын жана Рахатбек Үсөнкожоевди «Даңк» медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Жарлыкта аталган адамдарды кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулганы үчүн сыйланганы айтылат.

Нарындагы Большевик айылынын тургуну Рахат Үсөнкожоев тууралуу буга чейин “Азаттык” жазып чыккан. Ал алты жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай калган. Ага карабай Рахат кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жасап, интернет аркылуу сатат.(BkA)

Майып жигиттин "онлайн бизнеси"

Майып жигиттин "онлайн бизнеси"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

XS
SM
MD
LG