Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:11

Ооган борборундагы жардыруудан үч киши да жарадар болду. Өлкөнүн ички иштер министринин маалымат катчысынын орун басары Нажиб Даништин 28-декабрдагы маалыматына караганда, көпүрө астына коюлган бомба Бамиан провинциясынан шайланган депутат Факури Бехиштин автомашинасы өтүп баратканда жардырылган.

Кабул полициясынын башчысы Абдул Рахман Рахими жардыруу Кабулдун Дашти Барчи районунда болгонун ырастады. Эл өкүлү парламентти көздөй бараткан. Жардырууга эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек. Бир жума мурун талиптер дагы бир депутаттын Кабулдагы үйүнө чабуул коюп, анда сегиз адам өлгөн эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG