Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Ооганстан Москвадагы сүйлөшүүлөргө нааразы


Ооганстан, Кабул. 28-декабрь, 2016-жыл.
Ооганстан, Кабул. 28-декабрь, 2016-жыл.

Ооган өкмөтү Орусия, Кытай менен Пакистандын катышуусунда Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча 27-декабрда Москвада жогорку деңгээлде сүйлөшүү өткөрүүсүнө тынчсыздануусун билдирди. Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмад Шихаб Мостагни “жакшы ниетте болсо да оогандыктарсыз Ооганстандагы кырдаал боюнча сүйлөшүү эч кандай натыйжа бербейт”,- деди.

2001-жылдан бери талиптерге каршы ооган күчтөрү менен бирге күрөшүп келаткан, учурда Ооганстанда 10 миңдин тегерегинде аскер кармаган Кошмо Штаттар да Москва сүйлөшүүсүнө чакырылган эмес. Кабул менен Вашингтон Орусия талиптерге ык тартып, байланышын бекемдөөдө деп билдирип келатат. Орусия аны четке кагууда.

Орусия жана Пакистан тышкы иштер министрликтери ооган өкмөтү келечекте сүйлөшүүлөргө чакырыла турганын билдирди. Алар Ооганстанда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун таасири өсүп баратканын, ал өлкөнү бүлгүнгө салыш ыктымалдыгын белгилешти. БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө Орусия, Кытай экөө Кабул менен талиптердин сүйлөшүүлөрүнө шарт түзүүгө ынтызарлыгын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG