Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

АКШ түрк бийлигинин айыптоосун четке какты


АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ “Ислам мамлекети” жана күрт террордук уюмдарын колдоп жатат деп 27-декабрда билдирип, колунда далилдери бар экенин кошумчалаган.

АКШ баштаган коалиция 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга абадан сокку уруп келет. Эрдоган күрттөрдүн YPG жана PYD уюмдарын террордук топторго кошкон. Кошмо Штаттар бул уюмдар менен “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөштө кызматташууда.

“Алар бардык террордук уюмдарды, анын ичинде YPG, PYD жана ИМ колдошууда” деген Эрдоган.

Мындай билдирүүнү ал өткөн айда Пакистанга сапары учурунда да айткан. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер бул айыптоолорду “болбогон сөз” деп, ага эч кандай негиз жоктугун белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG