Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина рак илдетине чалдыккандарды өз алдынча дарылаган көкжарлык табып Ашым Зайналиевге карата чара көрүлбөй жатканын билдирди. Депутаттын ырасташынча, табып дале болсо бейтаптарды кабыл алып жатат. Буга байланыштуу тиешелүү органдар анын ишин текшерип, медициналык талаптарга жооп бербеген табыпка чара көрүүнү Карамушкина сунуштады.
Быйыл 5-июлда Зайналиевдин клиникасында дарыланган 56 жаштагы эмчек рагынан жабыркаган аял көкүрөгүн кестирип салгандан кийин каза тапкан. Адам өмүрүн алган окуядан кийин Ички иштер министрлиги кылмыш ишин ачып, Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түзгөн. Өткөн аптада министрлик аталган менчик клиниканы жабуу аракетин көрүп, бирок бейтаптар Онкология борборуна которулуудан баш тартышкан. Ашым Зайналиев өз дарегине айтылган айыптарды четке кагып келет.(BkA)