Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Анталияда эсине келбей жаткан кыздын тек-жайы аныкталды


Соцтармактан алынган сүрөт.
Соцтармактан алынган сүрөт.

Бул тууралу “Азаттыкка” Анталиядагы кыргызстандыктар кабарлашты. Ооруканага оор абалда түшкөн кыз Токтогулдан экени белгилүү болгон. 21 жаштагы кызды ата-энеси жана Орусиядагы эжеси сүрөттөн таанышкан. Ал кыз алгач Орусияда иштеп жүрүп, кийин Түркияга кеткен. Учурда ата-энеси Түркияга учуп кетүүгө даярдыгын билдирген. Түрк полиция кызматы окуя боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Эки күн мурун кыргызга түспөлдөш кыз оор абалда Анталия шаардык ооруканасына түшкөн. Эс-учу жок жаткан кызды Анталиядагы тоолуу аймактан табышкан. Аны ур-токмокко алып, машинадан ыргытып жиберишкен деген божомол бар. Бирок жанында эч бир документи жоктугунан тек-жайы аныкталбай жаткан.(EIB)

XS
SM
MD
LG