Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:55

Кара деңизге кулаган учактын бортунда жарылуу болгон эмес


Кыйраган ТУ-154 учагынын кыймылдаткычынын бөлүктөрү. 29-декабрь, 2016-жыл.

Кара деңизге кулаган Орсиянын Коргоо министрлигине караштуу учагынын бортунда жарылуу болбогонун орус аскерий өкүлдөрү бейшембиде жарыялашты.

25-декабрдагы кыйроонун себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын жана Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн коопсуздук боюнча башчысы Сергей Байнетовдун айтымында, учактын бортунда жарылуу болбогону анык, бирок террор актысы жарылуу дегенди эле билдирбейт, андыктан бул версия такыр эле жокко чыгарылбайт”.

- Кыймылдаткычтын, учактын системасынын иштөөсүнүн баардык параметрлерин, учуунун өзүн деталдуу иликтөө үчүн кеминде он күн убакыт зарыл. Авиациялык кырсыктын себептери боюнча акыркы бүтүмдү кеминде отуз күндө чыгарабыз деп үмүттөнөбүз.

Мурдараак Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы- ФСБ ТУ-154 учагынын кыйрашында теракттын белгилери табылбаганын билдирген.

Транспорт министри Максим Соколов да бүгүн теракт кыйроонун эң башкы версиясы эместигин белгиледи.

Сирияга багыт алган Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу учак 25-декабрдын таңында Кара деңизге кыйроого учурап, анын бортундагы 92 адамдын өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG