Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:41

Ирак күчтөрү Мосулга кайра чабуул баштады


Мосул.
Мосул.

Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун колундагы Мосул шаарын кайтарып алуу аракеттеринин экинчи бөлүгү 29-декабрда башталды. АКШ жетектеген коалициянын билдирүүсүндө Мосулдун чыгышында эки жаңы фронт ачылганы айтылат.

Атайын бөлүктөрдүн командири, генерал-лейтенант Абдул-Вахаб аль-Саади чабуул өз күчтөрү бекемделгенден кийин башталганын кабарлады. Мосулду бошотуу 2011-жылы Ирактан америкалык аскерлер чыккандан берки эң ири аскердик операция. Өкмөттүк күчтөргө суннит жана күрт ыктыярчылары, шиит топтору жардам берүүдө. Ошондой эле америкалык аба күчтөр абадан колдоп жатат.

Жоочулар Ирактын экинчи ири шаары - Мосулду 2014-жылдын жайында басып алган. Буга чейин өлкө премьер-министри Хайдер аль-Абади шаарды жана Иракты согушкерлерден толук бошотууга үч ай кетерин маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG