Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту. Анда өтүп бараткан жылдын жыйынтыктары чыгарылып, 2017-жылдагы негизги багыттар талкууланды.
Атамбаев жолугушууда 2016-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү болгонун белгиледи.
- Өткөн жыл көп жагынан биз үчүн жөнөкөй жыл болгон жок, бирок, өлкө туруктуулукту сактоо менен маанилүү сыноолордон ийгиликтүү өтүп, келечекке ишенимдүү кадам таштады. Биз туура жолдо баратабыз, Кыргызстан улам чыңдалып, туруктуу өлкөгө айланууда, - деди Атамбаев.
Ошондой эле өлкө жетекчилери Баш мыйзамды өзгөртүү менен Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдегенин билдиришкен.(BkA)