Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Орусия Украинага каршы кибер согуш жүргүзүүдө


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Бул тууралуу Украина президенти Петро Порошенко билдирди. Анын айтуусунда, Орусия акыркы эки айдын ичинде Украинанын мамлекеттик институттарына 6,5 миң ирет кибер чабуул жасады. Декабрда Украинанын финансы жана коргоо министрликтери жана мамлекеттик казыначылыгы чабуулга алынды. Киевдин энерго системасына жасалган кибер чабуулдан шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинде 29-декабрда Петро Порошенко “иликтөөлөр биздин өлкөгө каршы Орусия кибер согуш жүргүзүп жатканын көрсөтүүдө” деп билдирип, ага каршы чара көрүүнү тапшырды.

2015-жылы декабрь айында Украинанын энергетика системасына кибер чабуулдан өлкөдө биринчи жолу электр энергиясы жалпы өчкөн болчу. Украинанын атайын кызматтары ага орусиялык “Sandworn” тобунун тиешеси бар деп айыптаган. Орусия хакерлик боюнча айыптоолорду четке кагып келатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG