Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Кеминдин акими катышкан жол кырсыгы иликтенүүдө


Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев катышкан жол кырсыгы иликтенүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кабарлашты. Маалыматка ылайык Бишкек-Торугарт жолунун Кемин районундагы бөлүгүндө “Тойота-Прадо” жана “Тойото-Авенсис” үлгүсүндөгү автоунаалар жол кырсыгына кабылышкан. Андан бир адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Унаалардын бирин Кеминдин акими айдап келаткан. Кырсыктан соң медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, эки айдоочу тең спирттик ичимдик ичпегени аныкталган. Учурда кырсыктын жагдайлары иликтенүүдө.

Буга чейин жарандык активист Ренат Самудинов Кеминдин акими мас абалында жол кырсыгына кабылганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан эле. Самудиновдун айтканына караганда аким өз күнөөсүн моюнуна алып, чыгымдарды төлөп берүүгө макул болгон.

Аким Супатаев бул кырсык боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. (BkA)

XS
SM
MD
LG