Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:43

Ок атууну токтотуу келишимине карабай, Дамаскинин жанында кагылышуу болду


Сириянын жөнжай жарандары.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана козголоңчулар жалпы Сирия аймагында тынчтык келишими күчүнө киргенден бир нече сааттан кийин 30-декабрда Дамаск шаарынын жака белинде кагылышты. Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия уюму Дамаскинин түндүк-батышындагы оппозиция көзөмөлдөгөн Вади Барада жергесинде кагылышууну кайсы тарап баштаганы белгисиз экенин билдирди. Алардын маалыматы боюнча, өкмөттүк тик учактар ал жерге чабуул жасады. Козголоңчулар да кагылышуу орун алганын Рейтерге маалымдаган.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу алдында жетишилген жалпы Сирияда ок атууну токтотуу келишими 30-декабрдан тарта күчүнө киргени жарыяланган. Бирок ал келишим “Ислам мамлекети” жана Жебхат аль-Нусра тобуна тарабайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG