Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:42

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупованын ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Жакупова 2017-жылдын 1-январынан тарта депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арыз менен кайрылган.

Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккан Чолпон Жакупова бул маселе боюнча референдум өтсө мандатын өз ыктыяры менен тапшырарын билдирген эле.

Эми Жакупованын ордуна “Бир бол” партиясынын тизмесинде турган кийинки талапкер келет. Аталган партиянын тизмесинде Дүйшөн Төрөкулов турат.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG