Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Президент Путин америкалык дипломаттарды чыгарбоону чечти


Москвадагы Англо-америкалык мектеп
Москвадагы Англо-америкалык мектеп

Президент Владимир Путиндин мындай чечими тууралуу 30-декабрда ТАСС маалымат агенттиги кабарлады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын жаңы санкциялары жана Орусиянын 35 дипломатын АКШдан чыгаруу тууралуу Вашингтондун чечимине жараша жооп берилерин билдирген эле. Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ санкцияларына даярдалган жооп президент Путинге сунушталганын билдирген:

- Биз андай жорукту жоопсуз калтыра албайбыз. Өзүнө жараша жооп берүү дипломатия жана эл аралык мамиленин мыйзамы. Ошондуктан Орусиянын тышкы иштер министрлиги башка коллегалар менен Орусия президентине Москвадагы АКШ элчилигинин 31 дипломатын жана Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун төрт дипломатын чыгарууну сунуштадык. Андан сыткары Серебренный бордогу дачаны жана Дорожный көчөсүндөгү кампаны колдонууга тыюу салуу сунушталды.

Президент Путин берилген сунушту колдогон жок.

Вашингтон АКШдагы президенттик шайлоо мезгилинде кибер чабуулдарга байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды 29-декабрда жарыялады. Ага ылайык Мэриленд жана Нью-Йорктогу орус дипломаттары колдонгон эс алуу жайлары жабылып, Орусиянын 35 өлкөдөн дипломаты чыгарылат. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Барак Обаманын администрациясы киргизген жаңы санкцияларга шек менен кароодо.(AiT)

XS
SM
MD
LG