Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:24

Орусия БУУну Сирия боюнча тынчтык резолюциясын кабыл алууга чакырды


Сирия

Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешин Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча резолюцияны кабыл алууга чакырды. Бул келишим Коопсуздук кеңешинин кароосуна 30-декабрда сунушталган. Резолюцияга ылайык, ок атууну токтотуу жана Сириянын өкмөтү менен оппозициялык күчтөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган. Орусия бул сүйлөшүүлөрдү январь айында Казакстандын борбору Астанада өткөрүүнү сунуштаган.

Орусиянын Улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин резоюция 29-декабрда кабыл алынган ок атууну токтотуу боюнча келишимди “толук жана тезинен” аткаруу каралганын маалымдады. Чуркин бул боюнча добуш берүү 31-декабрда күтүлүп жатканын кошумчалап, Кеңештин бардык мүчөлөрү колдойт деген ишенимин билдирди.

Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча келишим Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG