Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Шахматчы Руслан Съездбеков Батыш Азия чемпиондугунан байгелүү кайтты


Руслан Съездбеков "Азаттыктын" студиясында. 24-декабрь, 2015-жыл.
Руслан Съездбеков "Азаттыктын" студиясында. 24-декабрь, 2015-жыл.

Кыргызстандык жаш шахматчы Руслан Съездбеков Бириккен Араб эмирлигинде өткөн Батыш Азия чемпиондугунда эки алтын жана бир коло медалдын ээси болду.

Азиянын шахмат боюнча федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Съездбеков 14 жашка чейинкилер арасында шахматтын блиц жана рапид түрлөрүнөн алтын медал тагынды. Ошондой эле классикалык түрүнөн коло байге алды. Бул мелдеште алдыңкы үч орунду ээлеген оюнчулар жетиден упай топтошкон. Кошумча көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Съездбековго 3-орун ыйгарылды.

Бул чемпиондукта Съездбеков жалпысынан 23 оюн ойноп 15 жолу жеңишке жетип, сегиз жолу тең чыгып бир да жолу утулган жок.
Чемпиондукка Кыргызстандан барган алты жаштагы шахматчы Султай Чыңгыз шахматтын блиц түрүнөн сегиз жашка чейинкилер арасында бешинчи, классикалык түрүнөн төртүнчү орунду ээледи.

24-декабрда Бириккен Араб Эмирлигинин Ал-Айн шаарында башталган шахмат боюнча Батыш Азия чемпиондугу 29-декабрга чейин уланды. Байгелер сегиз, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында ойнотулду.

Ага 14 өлкөдөн: Индия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кыргызстан, Кувейт, Ливан, Оман, Палестина, Шри-Ланка, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмирлигинен 150гө жакын оюнчу катышты.

14 жаштагы Руслан Съездбеков Кыргызстандын шахмат боюнча алты жолку чемпиону. Ал тогуз жашында спорт чеберлигине талапкер, 11 жашында шахматтын блиц түрүнөн Азия чемпиону болгон. Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) спорт чеберлигине талапкер. (ECh).

XS
SM
MD
LG