Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Багдаддагы жардыруу кеминде 16 адамдын өмүрүн алды


Нажафтагы жардыруу, 1-январь, 2017-жыл.
Нажафтагы жардыруу, 1-январь, 2017-жыл.

Ирактын борбору Багдаддын эл көп топтолгон аянтында жардыруу болуп, кеминде 16 адам мерт кетти. Ондогон жөн-жай тургундар жаракат алышты.

Жардыруу 2-январда шаардын шииттер жашаган Садр конушунун жалданма жумушчулар чогулган жеринде болгон. Полиция бомба салынган унаа жарылганын тастыктады.

Чабуулга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок соңку апталарда сунниттерден турган “Ислам мамлекети” террордук тобу Багдаддын шииттер байырлаган аймактарын бир канча жолу бутага алган.

31-декабрда Багдада үч жардыруу болуп, баш аягы 29 киши набыт кеткен. 1-январда шииттердин ыйык шаары саналган Нажаф калаасында эки жанкечти өздөрүн жардырып, андан сегиз адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG