Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Тажикстан талиптердин танктары тууралуу маалыматты иликтейт


Ооган коопсуздук күчтөрүнүн талиптерге каршы операциясы, 19-декабрь, 2016-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрүнүн талиптерге каршы операциясы, 19-декабрь, 2016-жыл.

Тажик бийлиги ооган расмийлеринин талиптердин танктары Тажикстанда орус инженерлери тарабынан ремонттолуп жатканы тууралуу айткандарын териштирип жатат.

Тажикстандын Чек ара агенттигинин басма сөз өкүлү Мухаммаджон Улукхожаев бул дооматтарды негизсиз деп атап, бирок Ооганстандын медиа каражаттарындагы маалыматтар иликтенип жатканын билдирди.

Өткөн айда Ооганстандын Кундуз провинциясынын мурдагы губернатору Мухаммад Омар Сафи талиптердин колуна өткөн аскердик оор техникалар Тажикстанга ремонт үчүн жөнөтүлүп жатканын айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Ал техникаларды орус инженерлери оңдоп чыгып, кайра талиптерге жөнөтөөрүн, талиптер менен орус армиясынын ортосундагы мындай кызматташтык эки жылдан бери уланып жатканын белгилеген.

Декабрь айынын башында ооган депутаттары талиптерге жөнөтүлдү делген орус куралдары тууралуу маалыматтарды текшерип чыкмай болушкан.

Орусия талип согушкерлерине эч кандай жардам бербегенин билдирип, мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG