Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Турсунбеков Стамбулдагы кол салуу боюнча Түркияга көңүл айтты


Reina түнкү клубунда курман болгондорду эскерүү.
Reina түнкү клубунда курман болгондорду эскерүү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 39 адамдын өмүрүн алган Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга байланыштуу Түркия парламентинин төрагасы Исмаил Кахраманга көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Турсунбеков майрам учурунда болгон мындай ырайымсыз кылмышты кыргыз эли акылга сыйбаган жосунсуз жорук катары баалай турганын билдирип, каза болгондордун жакындарына сабырдуулук тиледи.

1-январга караган түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна куралчан адам кол салып, андан 39 адам курман болду. Жетимишке жакыны жараат алды. Бийликтер кол салууну “теракт” деп атады.(BkA)

XS
SM
MD
LG