Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Казакстан визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти


Астанадагы эл аралык аэропорт.
Астанадагы эл аралык аэропорт.

Казакстан Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөрдүн, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө бардык мамлекеттердин, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Малайзия, Монако, Сингапурдун жарандарына визасыз режим киргизди.

Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мамлекеттердин жарандары визасыз Казакстанда 30 күнгө чейин жүрө алышат.

Казакстанда 15 күнгө чейинки визасыз режим 2015-жылдын 16-июлунан 2017-жылдын соңуна чейин 19 өлкөнүн, анын ичинде АКШнын, Жапониянын жана айрым Европа өлкөлөрүнүн жарандарына киргизилген.

Өткөн айда Өзбекстан 2017-жылдын апрель айынан тарта 15 өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизилгенин жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG