Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Марин Ле Пен Крымды аннексиялоо мыйзамдуу деп эсептейт


Марин Ле Пен.
Марин Ле Пен.

Франция президенттигине талапкер, ашынган оңчул партиянын лидери Марин Ле Пен 3-январда 2014-жылы Орусиянын Крымды Украинадан аннексиялап алганы мыйзамдуу болгонун билдирди. BFM TV телеканалына курган маегинде «Улуттук фронт» партиясынын лидери бул багытта Кремлди колдоду:

-Аннексия мыйзамсыз дегендерге такыр макул эмесмин. Референдум өткөрүлүп, Крымдын жашоочулары Орусияга кошулууну жакташты.

Ле Пен Крымдагы референдумдун жыйынтыгынан күмөн саноого эч кандай негиз көрбөй турганын, Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары эсептерин кошумчалады. Ал Францияда 17-апрелге белгиленген президенттик шайлоого талапкер. Анын шайлоо алдындагы программасында Орусия менен алаканы бекемдөөгө артыкчылык берилген.

Орусия аскерлери 2014-жылдын февралында Крымга кирип, бир айдан кийин референдум өткөрүлгөн. Анда жарым арал жашоочуларынын 95 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогону айтылган. АКШ жана Евробиримдик бул референдумду "оюн" деп атап, аймакты аннексиялоо мыйзамсыз экенин айтып келишет. Крымды өзүнө кошуп алуу АКШ менен Европа биримдигинин Орусияга киргизген санкцияларынын негизги себептери болгон.

XS
SM
MD
LG