Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Корея киберспорт боюнча беш кыргызстандык менен келишим түздү


Түштүк Кореянын киберспорт боюнча MVP уюму Dota 2 оюну боюнча кыргызстандык NoLifer5 тобу менен келишим түздү. Мындан ары беш кыргызстандык MVP.Revolution командасынын курамында ойнойт.

Алдыда мекендештер Dota 2 боюнча байге фонду 1,5 миллион долларды түзгөн World Electronic Sports Games таймашына катышат. Бул оюндардын финалдык бөлүгү кытайдын Ченчжоу шаарында 12-15-январда өтөт.

Sport-express басылмасы жазгандай, кыргызстандыктардын тобу өткөн жылдын сентябрь айында түптөлүп, Түштүк Кореядагы таймашта 2-орунду багындырышкан. Андан соң кореялыктар спортчуларга чакыруу жөнөтүп, эми беш кыргызстандык Кореяга бир жылга кетишти.

XS
SM
MD
LG