Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 06:43

Трамп АКШнын атайын кызматын дагы “чымчыды”


Дональд Трамп

Президенттик кызматка киришүүсүнө үч жума калган Дональд Трамп ЦРУнун Орусиянын хакерлиги боюнча маалымат жыйынын 6-январга которуусуна карата пикирин Твиттерге жазып билдирди. Анда атайын кызматтар же чалгын дегенди билдирген “intelligence” деген сөздү атайын тырмакчага алып, “ишти козгоо үчүн мүмкүн көбүрөөк убакыт керектир. Өтө таңкалыштуу” деп жазган Твиттердеги баракчасына Трамп 3-январда.

ЦРУ Демократиялык партиянын жана Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүнүн башчысынын электрондук почтасын Орусия хакерлик менен бузуп, андагы маалыматтарды Викиликске жиберген деп айыптоодо. Бул Трамптын шайлоо өнөктүгүнө жардам бергени айтылууда.

Викиликстин негиздөөчүсү Жуллиан Ассанж "Фокс ньюска" берген интервьюсунда хакерлик менен алынган Демократиялык партиянын имейлдери орус өкмөтүнөн келгенин четке каккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG