Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:34

Обама Түркия менен Орусиянын Сириядагы аракетин колдоду


АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияда ок атууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүнү баштоо боюнча Анкара менен Москванын аракетин кубаттоого алды.

Акүйдүн маалыматы боюнча, 3-январдагы сүйлөшүүдө Обама Стамбулдагы түнкү клубдагы канабайрам жана 17-декабрда күрт топтору жасады деген Кайсеридеги кол салуунун курмандыктары үчүн көңүл айтты. Эки лидер Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө жетишкендиктерди атап, терроризмди жеңүү үчүн АКШ менен Түркия биргелешип аракеттениши керектигин белгилешти.

Эки президенттин сүйлөшүүсүнө чейин Эрдоган АКШ күрт террордук топторун жана “Ислам мамлекетин” да колдоп жатат деп билдирген. Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка 3-январда кайрылып, күрт топторун колдоону токтотууга жана “Ислам мамлекетин” жоготууга чакырган. (AiT)

XS
SM
MD
LG