Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:38

Президент 137 адамга кыргыз жарандыгын берди


Президент Алмазбек Атамбаев 137 адамга кыргыз жарандыгын берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандыгын алган адамдардын көпчүлүгү Тажикстан жана Өзбекстандан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, өз арызы менен 56 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG