Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:01

Тажикстандын бардык аймагында бүгүнтөн тарта күндүз электр энергиясына киргизилген чектөө алынат. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады.

“Барки точик” энергохолдинги тараткан маалыматка ылайык, эми таңкы бештен түнкү онго чейин электр энергиясы толук берилет. Ал эми түнкү ондон таңкы бешке чейин маал-маалы менен өчүрүлүп турат.

"Барки точиктин" өкүлдөрү Дүйшөмбүдөгү жаңы Жылуулук электр борборунун ишке киргизилиши менен электр жарыгына болгон чектөө жеңилдегенин маалымдады.

2016-жылдын 1-ноябрынан тарта электр энергиясына чектөө киргизилип, суткасына 12 саат гана берилип жаткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG