Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан Измир шаарындагы жардыруудан үч киши жарадар болду. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары кабарлашты. CNN Turk телеканалынын маалыматына ылайык, сот имаратынын жанында автоунаа жардырылды.
Reuters агенттиги жардыруудан көп өтпөй полиция эки шектүү делген адамды жок кылганын жазды.
Ал эми “Анадолу” мамлекеттик агенттиги үчүнчү шектүү адам изделип жатканын кабарлады.
Түркиянын үчүнчү чоң шаары деп эсептелген Измирде бир күн мурда Стамбулдагы терактка катыштыгы бар делген кырктай адам кармалган.
1-январга караган түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна жасалган чабуул 39 адамдын өмүрүн алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өз мойнуна алган.