Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:02

Измирдеги жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Жардыруу болгон жер.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Түркиянын Измир шаарындагы жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда. Окуядан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Измирде жашаган кыргыз диаспора өкүлдөрү менен байланышкан. Алар жардыруу болгон сот имараты калктуу аймактардан, университет жана жатаканалардан ыраак жайгашканын маалымдашкан.

Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан Измир шаарында 5-январь, кечке жуук жардыруу болуп, андан акыркы кабарлар боюнча 10дой адам жаракат алды.

CNN Turk телеканалы билдиргендей, сот имаратынын жанында автоунаа жардырылды. Reuters агенттиги жардыруудан көп өтпөй полиция эки шектүү деген адамды жок кылганын жазды.

XS
SM
MD
LG