Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Усама бин Ладендин уулу глобалдык террорчулардын тизмесине киргизилди


Усама бин Ладен 2011-жылы жок кылынган.
Усама бин Ладен 2011-жылы жок кылынган.

Кошмо Штаттар “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бин Ладендин уулун глобалдык террорчулардын “кара тизмесине” киргизди.

Мамлекеттик департамент Хамза бин Ладен глобалдык террорчулардын тизмесине киргизилгенин 5-январда маалымдады. Анын атасы 2011-жылдагы Пакистанда Кошмо Штаттардын атайын күчтөрүнүн операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, Хамза бин Ладен “Аль-Каида” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү тарабынан уюмдун башчысы катары жарыяланган.

Өткөн жылдын июль айында “Аль-Каида” террорчу уюму тараткан аудио билдирүүдө Хамза бин Ладен АКШдан атасынын өлүмү үчүн өч аларын айтып, Вашингтонду мусулмандарды кысымга алып жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG