Мындай сунуш менен Жаштар иштери, дене тарбия агенттигинин директору Канат Аманкулов чыкты. Ал агенттиктин жылдык коллегиясында спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жылдык отчетун сынга алды.
Аманкуловдун айтуусунда, дирекциянын каттоосундагы 33 федерациянын иши талданып, начар көрсөткүчтөргө ээ болгон уюмдардын каттоосу жокко чыгарылышы керек. Мындай жол менен натыйжалуу иш аткарбаган федерацияларды мамлекет каржылоосун токтотушу зарыл.
Былтыр аталган дирекцияга бюджеттен 12 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал эми спортчулар жалпысынан 284 медалга ээ болушкан.(ECh)