Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Ооганстанда жети кенчини атып кетишти


Ооганстандын түндүгүндө белгисиз куралчан адамдардын огунан кеминде жети кенчи мерт болду. Тала ва Барфак районунун башчысы Фаиз Мохаммад Амири 6-январдагы окуядан дагы үч кенчи жаракат алганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кенчилер исламдын шиит агымын карманган хазар азчылыгынын өкүлдөрү болчу. Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

Бирок ооган расмийлери бул кол салууну “Ислам мамлекети” террордук тобу уюштурушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Бул топтун согушкерлери буга чейин да шиит азчылыгын бутага алган эле.

XS
SM
MD
LG