“Талибан” кыймылы Ооганстан түндүгүндөгү сегиз кенчинин өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди. Аталган кыймылдын маалымат катчысы Забиулла Муджахид маркум кенчилер талиптердин уруксаты менен иштеп жүргөнүн жана алар менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун айтып чыкты.
Кенчилер белгисиз куралчан адамдардын огунан жума күнү каза болгон. Дагы үч адам жараат алган.
Окуя болгон Тала ва Барфак районунун башчысы Фаиз Мохаммад Амири кенчилер исламдын шиит агымын карманган хазар азчылыгынын өкүлдөрү экенин билдирген эле.
Ооган расмийлери бул кол салууну “Ислам мамлекети” террордук тобу уюштурушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Топтун согушкерлери буга чейин да шиит азчылыгын бутага алган.