Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Финансы министрлиги бюджеттин ачыктыгын камсыздоого убада берүүдө


Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин ачык-айкындуулук индексин жогорулатуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына өкмөттүк мекемелер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.

Аталган топ 15-февралга чейин бюджеттин ачык-айкындуулук индексин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана жер-жерлерде коомдук угууларды уюштурушу керек.

Эл аралык Бюджеттик өнөктөштүк уюму Кыргызстанды бюджет тууралуу чектелген маалымат берген өлкөлөрдүн катарына кошкон.(BkA)

XS
SM
MD
LG